7-8-апрелде үшүк жүрүп, абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөйт

6 апрель 2019 14:26 14436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-8-апрелде Талас областынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областында жана Ысык-Көлдүн областынын чыгыш жагында 0…-3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай температура жаңы гүлдөп келе жаткан өрүктүн, мөмө-жемиш бактарынын гүлдөрүнө зыян алып келет.

Материалдык чыгымга алып келбеш үчүн ӨКМ 1-апрелден 3-апрелге чейин тиешелүү кызматтарга телефонограммаларды жөнөткөн.

Нөшөрлөгөн жамгырлардан улам Чүй жана Талас областынын  аймактарында суу ташынкы болушу мүмкүн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/7-8-aprelde-shk-zhrp-abanyn-temperaturasy-3-graduska-chejin-tmndjt



Добавить комментарий