7-8-апрелде үшүк жүрүп, абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөйт
Поделиться в:
7-8-апрелде Талас областынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областында жана Ысык-Көлдүн областынын чыгыш жагында 0…-3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мындай температура жаңы гүлдөп келе жаткан өрүктүн, мөмө-жемиш бактарынын гүлдөрүнө зыян алып келет.
Материалдык чыгымга алып келбеш үчүн ӨКМ 1-апрелден 3-апрелге чейин тиешелүү кызматтарга телефонограммаларды жөнөткөн.
Нөшөрлөгөн жамгырлардан улам Чүй жана Талас областынын аймактарында суу ташынкы болушу мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/7-8-aprelde-shk-zhrp-abanyn-temperaturasy-3-graduska-chejin-tmndjt
Добавить комментарий ×