65 жаштагы үч баланын энеси сулуулугу менен дүйнөнү таң калтырды.Фото

13 апрель 2019 14:15 4241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кристи Бринкли 65 жашта жана үч баланын энеси, бирок ошого карабай  абдан жаш көрүнөт. Социалдык тармактын  жүз миңдеген колдонуучулары ага суктанышарын жашырбай келишет”,-деп жазат news.com булагы. 

Бул айымдын социалдык тармактарда жарым миллионго жакын окурманы бар. Жүз миңдеген адамдар анын жаңы жарыяланган фотолорун карап турушат.

Кристи Мичиган шаарында 1954-жылы 2-февралда төрөлгөн.1973-жылы Парижге искусство боюнча окууга кетип Elite мода үйүнө ишке кирген.

Жумушуна байланыштуу турмушка кеч чыгып, улуу кызын 31 жашта, уулун 41 жашында жана кичүү кызын 44 жашында төрөгөн.

Аял өмүр бою спорт менен машыгып 13 жылдан бери эт жебей калган. Ал күн сайын 30 – 60 минут йога менен машыгат.

Аялдын жаштыгынын сырын сурашканда болгону жакшы маанай, активдүү жашоо образы жана эч нерсеге кейибегенге аракет кылып келе жатканын айтууда.

Ссылка: https://barometr.kg/65-zhashtagy-ch-balanyn-enesi-suluulugu-menen-djnn-ta-kaltyrdyfoto



Добавить комментарий