60 жылдан бери жуунбаган киши 80 жашка чыкты

7 март 2019 15:26 5224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Иранда жашаган селсаяк, 60 жылдан бери денесине суу тийгизбеген Аму Хаджи 80 жашка чыкты. Бул тууралуу орус ЖМКларында кабарланууда.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн ал өзүнүн жарымы бузулуп калган үйүндө өткөрүп, күнгө кактанып, ысып кетсе көлөкөгө барып жатуу менен өткөрөт. Анын үйү айылдын четинде жайгашкан.

Зеригип кетсе,чылым чегип ары бери өткөндөрдү карап отурат. Болгон жашоосу ушул. Аны тартууга барган журналисттерге Хаджи эмне үчүн жуунбай калганынын себебин бул ирет да айткан жок.

Ссылка: https://barometr.kg/60-zhyldan-beri-zhuunbagan-kishi-80-zhashka-chykty



Добавить комментарий