60 жыл чогуу жашаган түгөйлөр коронавирустан улам бир күндө каза болушту

16 апрель 2020 12:59 912 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиянын тургундары Брин Хоуэллс менен Пэт Хоуэллс 60 жыл чогуу жашашкан. Аларга коронавирус илдети жугуп, алардын өмүрүн бир күндө алган.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, 86 жаштагы Брин менен 80 жаштагы Пэт апрель айынын башында ооруканага жаткырылган.

Алардан коронавирустун козгогучу табылып, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Тилекке каршы дарыгерлер алардын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. 14-апрелге караган түнү жубайлар 17 саат айырма менен бул дүйнө менен кош айтышкан.

Соңку маалыматтар боюнча Улуу Британияда 99 455 кишиге оору жугуп, 12 892 киши өмүрү менен кош айтышты.

Ссылка: https://barometr.kg/60-zhyl-choguu-zhashagan-tgjlr-koronavirustan-ulam-bir-knd-kaza-bolushtu



Добавить комментарий