60 кг алтын жасалга тагынган колукту социалдык тармактарды таң калтырууда
Кытайдын Хубэй провинциясында колукту бир нече килограмм салмактагы алтын жасалга тагынганы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Жасалганы күйөө баланын ата-энеси калың катары сатып беришкен.
Кыз кайын журту тараптан бир нече ири билерик алган, ал эми болочок күйөөсү ага ар бири 1 кг алтындан турган 60 кымбат баалуу зер буюм сатып берген.
Аталган жасалгалардын оордугунан улам колукту тойдо өзү басып жүрө албай ага жолдошу жардам келди.
Жергиликтүү тургундар алтын ийгиликтин, жогору даражанын белгиси жана жаман духтарды кубалайт деп эсептешет.
Ссылка: https://barometr.kg/60-kg-altyn-zhasalga-tagyngan-koluktu-socialdyk-tarmaktardy-ta-kaltyruuda
Добавить комментарий ×