Жума аягына чейин кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?
6-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми 7-8-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге дейре жетиши ыктымал.
9-10-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондорда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
11-12-февралдар мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт Абанын температурасы төмөндөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/6-12-fevralda-maal-maal-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×