54 бейтап коронавирусту жеңип чыкты
Бир сутка ичинде ооруканадан 54 бейтап чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык штаб билдирди.
Алар: Бишкек ш. – 9
Чүй облусу – 4
Ош ш. – 15
Ош облусу – 16
Нарын облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 4
Республика боюнча жалпы 1 901 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ал эми акыркы сутка ичинде 3 544 изилдөө жүргүзүлдү.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10 664 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 160 адам жатат.
Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан 1 бейтап (36 жаштагы эркек киши).
Ссылка: https://barometr.kg/54-bejtap-koronavirustu-zheip-chykty
Добавить комментарий ×