50 небереси бар чоң ата 19 жаштагы кызга үйлөндү
Түндүк Македониянын кыштагында жашаган Реджеп Кастрати аттуу 61 жаштагы адам кайрадан үйлөнүүнү чечкен. Бул тууралуу life.ru кабарлады.
Ал 3000 евро калың төлөп албан кызына үйлөнмөк болуп куда түшкөн. Бул кызды ага көрсөтүшкөн эмес, анын жашы 35 жаштарда го деп болжоп жатса болочоктогу жубайынын жашы 19да эле болуп чыккан.
Бул адамдын тарыхынын өзгөчөлүгү экинчи ирет жаш колуктуга үйлөнгөнүндө эмес. Анын биринчи жубайы 2000-жылы каза тапкан. Абышканын 12 кызы бар. Баардык кыздары турмушка чыгып баш-аягы 50 бала төрөшкөн. Редхеп чоң атанын учурда 50 небереси бар.
19 жаштагы жубайы Валентина эми 12 кыздан кийин ага уул төрөп берип Редхептин төбөсү көккө жетип сүйүнүп турган кези.Уулунун атын Даймонд коюшту.
Ссылка: https://barometr.kg/50-neberesi-bar-cho-ata-19-zhashtagy-kyzga-jlnd
Добавить комментарий ×