5-сентябрда Бишкекете күн ачык болот
5-сентябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +24-29°
Талас облусунда +23-28°
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +26-31°
Ысык-Көл жергесинде +19-24°
Нарын облусунда +20-25° болот.
5-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы +27-29° жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/5-sentyabrda-bishkekete-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×