Беш адамга согуш ардагери макамын берүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалыма кызматы билдирди.
Демилгечи депутат Исхак Пирматов мыйзам долбоору аркылуу КПСС БК тарабынан кезинде Афганистанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө.
«Кыргызстандан Афганистанга ушундай тапшырма менен беш кызматкер жиберилген. Азыр алардын согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган жок. Ошондуктан, аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл», - деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/5-adamga-sogush-ardageri-degen-makamyn-ber-zaryl
Добавить комментарий ×