48 кыргыз жараны Кореяга жушка орношуу үчүн учуп кетишти

1 ноябрь 2022 16:28 1625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектен Кореяга 48 кыргызстандык жумушка орношууга жөнөп кетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.


Бишкекте Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык 48 кыргызстандыкты Корея Республикасына жөнөтүү боюнча иш-чара өттү.

“Биринчи топ азыр кетип жатат. Калгандары кийинки этап менен жөнөтүүгө даярданып жатабыз. Быйыл Кореяга 600дөн ашык жаран учуп кетти. Бул максатта Бишкек-Инчхон багыты боюнча чартердик рейс уюштурулган”, -деп айтылат маалыматта.


Кыргызстанды жана анын эмгек ресурстарын таанытуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Кореяга кеткендердин саны эки эсеге өстү. Эмгек министрлиги атайын программанын алкагында 15 жылдан бери жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстандын жарандарын Кореядагы ишканаларда иштеп, ишке орноштуруп жатканын кошумчалады.

Меморандум учурунда 5 миңден ашуун кыргызстандык жумуш менен камсыз болгон. Учурда программанын алкагында 1,5 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жараны Кореяда иштеп жатышат.

 Жумушка кеткендердин көбү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайларында, пластмасса, резина жана айнек буюмдарын өндүрүүдө иштешет.

Кореяда иштеген эмгек мигранттарынын жатакана жана тамак-ашы иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо айлык маянасы 1800 АКШ долларын түзөт.

Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.

2022-жылы 1500дөн ашуун жаран корей тилин билүү боюнча сынак тапшырган.

360 адам тесттен ийгиликтүү өтүп, кореялык иш берүүчүлөр тарабынан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/48-kyrgyz-zharany-koreyaga-zhushka-ornoshuu-chn-uchup-ketishti



Добавить комментарий