4,7 миң долларлык азем буюмдарды сатып берем деп алып качып кеткен аял кармалды

7 февраль 2020 10:27 868 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаардык милиция алдамчылыкка шектелип жаткан эки аялды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 31-январда милицияга А.А. аттуу аял кайрылып, былтыр 13-декабрда чала тааныш эки аял жалпы суммасы 4,7 миң долларлык азем буюмдарды сатып беребиз деп алып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Аталган факт кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине "Алдамчылык" беренеси менен катталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү делген К.Н. аттуу аял (1982-жылы туулган) кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Милиция учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар жогун иликтеп жатат.

Укук коргоо органдары бул аялдан жабыркагандар болсо  0(700)599-664 , 0(700) 126-622 жана 102 номерлери аркылуу кабарлоону суранат.

Ссылка: https://barometr.kg/47-mi-dollarlyk-azem-buyumdardy-satyp-berebiz-dep-alyp-kachyp-ketken-ayal-karmaldy



Добавить комментарий