№47 мектепте сабалган баланын да, сабаган баланын дагы аталары ИИМде иштеген

15 октябрь 2018 09:05 1706 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жылы 12-октябрда Бишкектеги №47 мектептин 9-класстын окуучулары 8-класста окуган баланы эс-учунан тангыча сабагандыгы маалымдалган. Бул окуяны ИИМ  толугу менен көзөмөлгө алгандыгын аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, 9-класстын балдары өздөрүнөн бир класска кичүү балдардан акча сурап, ур токмокко алышкан. Жыйынтыгында жапа чеккен баланын баш мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо), 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми бул окуя боюнча жабырлануучу тергөө учурунда окуянын кандайча болгонун айтып берди. Анын айтымында, мектептен чыгып дүкөнгө токоч сатып алайын деп бара жатып, 9-класстын балдарынын бирөөсүн далысынан түртүп алган. Мындан улам пикир келишпестиктер чыгып, 9-класстын балдары ур-токмокко алышкан. Жапа чегүүчү 9-класстын балдары акча сураганы тууралуу айткан жок деп билдирди ИИМден. Ал эми окуя №47 мектептин жанындагы "Жетиген" киоскисинин жанында болгон. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сабаган окуучунун атасы ИММде иштейт деген маалыматтар тараган. Тергөө иштери аныктагандай, жабырлануучунун да, аны сабаган окуучунун да аталары мурда Ички иштер органдарында иштеп кетишкен. Бирок, учурда пенсияда экендигин ИИМ аныктады.  Жабырлануучунун атасы 2013-жылы, шектүүнүн атасы 2017-жылы пенсияга чыккан. Бул тергөө иши ИММдин толук түрдө көзөмөлүнө алынды деп маалымдалды. 

Ссылка: https://barometr.kg/47-mektepte-sabalgan-balanyn-da-sabagan-balanyn-dagy-atalary-iimde-ishtegen



Добавить комментарий