Майлуу беттерге өтө пайдалуу маскалар

9 март 2022 11:45 4435 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Майлуу бетте майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот. Ал эми беттеги тешиктерге бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Аны сыгып салууга болбойт. Себеби, ырбап отуруп, андан да чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу адистердин сунуштарына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Майлуу бет безеткиге жакын болгондуктан, ага кам көрүүнү жаш кезден эле баштаган оң. 

Майлуу беттин кургак беттен айырмасы – ал калың келип, одуракайыраак тартып, бат эле жалтылдап майланышып кетет. өтө майлуу беттер, ал тургай, көгүш түстөнүп да кетет. Бирок, анын жылма көрүнгөн кургак беттен артыкчылыгы бар.

Бул артыкчылык – анын калың жана майлуу болгондугунда. Башкача айтканда, майлуу бет күндүн нурунун, суунун, суук шамалдын териге көрсөтүүчү терс таасирлерине туруштук берет. Ошондуктан, бети майлуу адамдардын жүзүнө бырыш кеч түшөт. Мындай бетке майлуу бетмайларды колдонуунун кажети жок.

1. Беттеги кара чекитчелерди жок кылуучу эң эле көп колдонулган маска жумуртканын агынан жасалат. Муну бир нече мүнөттүн ичинде оңой эле жасай аласыз. Ал эми, жыйынтыгы дароо эле байкалат. Жумуртканы сарысынан агын өүнчө бөлүп аласыз да көбүргөнчө кашык менен чаласыз. Андан кийин таза жуулган бетиңизге 20 мүнөткө сүйкөп коёсуз. Бул убакыт аралыгында беттеги маска кургаган сайын кошумча сүйкөп турасыз.


2. Сода дагы жумуртканын агы сыяктуу өтө пайдалуу. Ал терини комедондордон абдан жакшы тазалайт. Ашкана содасынан 1 аш кашык алып аны жылуу суу менен аралаштырып бетиңизге 10 мүнөтко сүйкөп коёсуз. Андан кийин муздак суу менен чайкап коёсуз.


3. Лимон ширеси дагы үй шартында жасалган масканын негизинде терини тазалап жана агартат. Бир чай кашык лимондун ширесине ошончолук суу кошуп аралаштырып, аптасына 2-3 жолу бетиңизди сүртүп жүрүңүз. Же болбосо, лимондун ширесин жумурканын агы менен кошуп, аралаштырып маска жасасаңыз болот. Бетиңиз тазаланып жана агарып эле калбастан тартылып жылмакай болуп калат. Ачылган кара чекитчелерден терини тазалап ордун бүтөп коёт.


Ссылка: https://barometr.kg/majluu-betterge-t-pajdaluu-maskalar



Добавить комментарий