4-класста окуган кыз 47 жаштагы эркектен кош бойлуу болду
Подмосковьеде 4-класста окуган кыз кош бойлуу болуп калды.11 жашта экенине карабай кыз эне болууга даярданууда. Бул тууралуу РИА Новости булагы кабарлады.
Укук коргоо органдары баланын атасы 47 жаштагы Өзбекстандын жараны экенин маалымдашты.
Окуя тууралуу маалыматты полицияга кыздын энеси билдирди. Анын арызынан кийин текшерүү жүргүзүлдү.
Кыз менен эркектин интимдик мамилеси окуучу кыз 10 жашка чыккандан бери тынымсыз болуп турганы аныкталды.
Кыз 23 аптадан бери кош бойлуу.
Россиянын Тергөө комитетинин Москва областы боюнча кызматкери Ольга Врадий жашы жете элек кыздын кош бойлуу болгон фактысы боюнча учурда кылмыш иши козголгонун билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/4-klassta-okugan-kyz-47-zhashtagy-erkekten-kosh-bojluu-boldu
Добавить комментарий ×