4-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт

4 декабрь 2020 09:23 1000 Barometr
Бөлүшүү:
ok

4-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда -2…+3°;

Талас облусунда -4…+1°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында  0…+5°;

Ысык-Көл облусунда -1…+4°;

Нарын облусунда -4…+1°;

Бишкекте кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы +1…+3° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/4-dekabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-kar-zhaajt



Добавить комментарий