4 айда бюджеттин кирешеси 10 миллиард сомго төмөндөдү

15 май 2020 16:43 1287 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Быйыл 4 айда бюджеттин кирешеси пландалган суммадан 10 млрд сомго чейин төмөндөдү. Апрель айында эле төмөндөө 4,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, 1-майга карата Улуттук статкомдун маалыматы боюнча ИДП – 148 млрд сомду түзөт жана өткөн жылга салыштырганда 3,8%га төмөн.

“Буга байланыштуу биз өлкөнүн бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргиздик. Өткөн жумада бюджеттин долбоору парламентке киргизилди, ал 2020-жылдын аягына чейинки экономиканын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө негизделген. Алсак, базалык сценарий боюнча ИДПнын көлөмү 2020-жылдын аягында Экономика министрлигинин эсептөөлөрүнө карата өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 5,3%га аз болору пландалууда. Киреше бөлүгүнүн төмөндөшүнүн божомолу дээрлик минус 30 млрд сомду түздү”, - деди Асрандиев.

 Вице-премьер-министр мунун баарына чек аралардын жабылышы жана товар алмашуунун төмөндөшү, ошондой эле бизнестин айрым түрлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн убактылуу токтошу таасирин тийгизген. Алсак, импорттун 70%ы Кытай Эл Республикасынан келчү, бул бажы төлөмдөрүнө гана эмес, ошондой эле ички өндүрүшкө дагы таасирин тийгизүүдө, анткени чийки заттардын, материалдардын жана толуктоочу бөлүктөрдүн олуттуу түрү Кытайдан алынып келчү.

Ссылка: https://barometr.kg/4-ajda-byudzhettin-kireshesi-10-milliard-somgo-tmndd



Добавить комментарий