Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлерине регламентти колдонууну үйрөтүштү

23 декабрь 2019 12:39 1023 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө мамлекеттик органдын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин колдонуу» темасында окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.  

Окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн жана канцелярия кызматкерлеринин катышуусунда өттү.  Иш-чарага аткаруу бийлик тутумунун 39 мамлекеттик органынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери катышты.

 Юридикалык кызматтардын кызматкерлерин окутуунун максаты:

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик тутумунун мамлекеттик органдары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун даярдоо учурунда жол берилген системалык каталарды азайтуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун киргизүү жөндөмдөрүнө окутуу болуп саналат.  Талкуулардын жыйынтыгында мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду

Ссылка: https://barometr.kg/39-mamlekettik-organdyn-yuridikalyk-kyzmattarynyn-kyzmatkerleri-kyska-mntt-okutuudan-tsht



Добавить комментарий