33 жаштагы легендарлуу футболчу Гарет Бэйл карьерасын аяктаганын жарыялады

10 январь 2023 11:12 661 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Реал Мадрид” клубунун курамында ойноп, Чемпиондор Лигасын 5 жолу утуп алган 33 жаштагы уэльсиялык чабуулчу Гарет Бэйл футболдон кеткенин жарыялады. Бул тууралуу футболчунун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

"Көпкө ойлонуп, ушундай чечим кабыл алдым.  Мен клубдук жана эл аралык карьерамдын аяктаганын жарыялайм. Кыялымды ишке ашырып, өзүм сүйгөн спорт менен машыгып болуп көрбөгөндөй ырахат алдым. Эми мен жашоомдун жаңы барагына кадам таштоодомун. Өзгөрүүгө жана мүмкүнчүлүктөргө убакыт келди”, - деп жазган спортчу социалдык тармактагы баракчасына. 

Гарет Бэйл карьерасын 2006-жылы “Саутгемптон” клубу менен баштаган. Кийинки жылы ал “Тоттенхэмге” өтүп, ал жерде 2013-жылга чейин ойногон.  

2013-жылдын жай айларында "Реал Мадрид" Бэйл үчүн 100 миллион евро төлөп, ошол кездеги дүйнөлүк трансфер баасы боюнча жаңы рекорд койгон. 

Ал испаниялык клубда 2022-жылга чейин ойноп, акыркы эки жылда «Тоттенхэмде» ижарага ойногон.   
"Реал Мадрид" менен ал Чемпиондор Лигасын беш жолу жана башка бир катар кубокторду уткан. Бэйлдин акыркы клубу америкалык “Лос-Анжелес” болгон. 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/33-zhashtagy-legendarluu-futbolchu-garet-bejl-karerasyn-ayaktaganyn-zharyyalady



Добавить комментарий