Полковник наамын алган кызматкер пенсияга чыкты
ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген полктун финансы-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн автотранспорт жана атайын техникалар боюнча улук тескөөчү, милициянын подполковниги Балденов Ербулат Аргыновичти, полковник наамын ыйгаруу менен бирге салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу ИИМдин "Шумкар" АБПнын маалымат кызматы билдирди.
Полктун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев куттуктап, өздүк курамдын атынан даярдалган белекти тапшырып ички иштер органдарында көп жылдар бою үзүрлүү жана ак ниеттүүлүк менен татыктуу кызмат өтөгөндүгү жана эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Ошондой эле өз сөзүндө Ербулат Балденов өздүк курамга ыраазычылык билдирип, ар бир кызматкерге кызматындагы жетишкендиктерди каалап кетти.
Уюштурулган салтанат өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.
Ссылка: https://barometr.kg/30-zhyldan-ashuun-zrl-emgektengen-kyzmatkerge-polkovnik-naamy-yjgaryldy
Добавить комментарий ×