3 миң сом үчүн мектеп директору 6 жылга эркинен ажыратылды

17 апрель 2019 13:08 28108 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Өзгөндө “3 миң сомду туура эмес пайдаланды” деп айыпталган мектеп директору 6 жылга эркинен ажыратылганы туурабы?” Мындай суроону депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурорго берди. 

Анын айтымында, эң алыскы Чангет айыл өкмөтүнүн жашоочулары эл өкүлүнө кайрылышкан. Алар аталган айылдагы мектептин мурдагы директору 3 миң сомду негизсиз пайдаланган деген айып менен 6 жылга эркинен ажыратылып 400 миң сом айып пулга жыгылганын билдиришкен.

Бул маселе боюнча “3 миң сом үчүн ушундай жаза берилгени туурабы?”-деген суроо салды депутат Улугбек Ормонов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул ишти тактап көрүп, кат аркылуу жооп берерин билдирди.

 Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында 2018-жылы прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурорунун отчёту угулууда.

Ссылка: https://barometr.kg/3-mi-som-chn-mektep-direktoru-6-zhylga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий