3-класстын окуучусу классташ баланы зордуктап, бул видеону WhatsAppтан тараткан
3-класстын окуучусу анын классында окуган балдар тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. Окуя Молдованын борборундагы ээн имартта болгон. Бул тууралуу news-r.ru булагы кабарлады.
Үрөй учурган окуяны башка классташ балдар карап турушуп смартфондон видеого тартып алышып WhatsAppтагы группага жөнөтүшкөн. Бул маалымат мектептин мугалимдерине жеткен кезде алар токтоосуз түрдө полицияга кабар беришкен.
Укук коргоо органдары мындай жаман окуя болгондон кийин эки күн өткөн соң маалымат алышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Ата-энелер суракка алынды.
Жабыркаган 10 жаштагы окуучу жоош бала экени, ата-энесинен эрте ажырап таенеси тарбиялап жүргөнү маалым болду.Учурда баланын атасы чет өлкөгө жумуш иштеп кеткен. Апасы каза тапкан. Балага кол салган окуучу тескерисинче агрессивдүү бала экени кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/3-klasstyn-okuuchusu-klasstash-balany-zorduktap-bul-videonu-whatsapptan-taratkan
Добавить комментарий ×