28-май: өрөөндөрдө нөшөрлөгөн жамгыр, тоолордо кар жаайт

28 май 2018 17:05 3784 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу жаан-чачын болот.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 13...18; Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 16...21;

Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 16...21; Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17; Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 16...18 градус жогору болот.

Ссылка: https://barometr.kg/28-maj-rndrd-nshrlgn-zhamgyr-toolordo-kar-zhaajt



Добавить комментарий