28-июнда жоголгон 16 жаштагы кыз аман-эсен табылды

4 сентябрь 2021 12:20 1459 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери жашы жете элек кызды табышты. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, милицияга Т.А. аттуу жаран анын 2005-жылы туулган карындашы Т.Д. табууга көмөк сурап кайрылган. Кыз 28-июнда болжол менен саат 16:30да Аламүдүн-1 кичи районундагы үйүнөн чыгып кетип кайтып келген эмес.

Бул факты боюнча издөө иштери башталган.

3-сентябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча инспекторлору Аламүдүн районунун аймагынан Т.Д.ны аман-эсен табышты.

Кызга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энесине тапшырылды.

Азыркы учурда болгон жагдай териштирилүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/28-iyunda-zhogolgon-16-zhashtagy-kyz-aman-esen-tabyldy



Добавить комментарий