28-августтан баштап жума намазын мечиттерде окууга болот

26 август 2020 13:58 923 Barometr
Бөлүшүү:
ok

28-августтан тарта мечиттер жума намазын окуу үчүн ачылат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, Республикалык ыкчам штабтын чечими менен ушул аптадан баштап жарандар жуму намазын мечиттерге барып окуса болот.

Мечитке келгенде сактык чараларын бекем сактаңыз!

Талаптар:

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1 жарым метрдик аралыкты так сактоо зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келгендер көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Саат 13:15де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

-Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Муфтият жалпы жарандарды беш убак намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы талаптарды толук сактоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/28-avgusttan-bashtap-zhuma-namazyn-mechitterde-okuuga-bolot



Добавить комментарий