28-29-октябрда өлкө аймагында жаан жаап, карга айланат
28-29-октябрда өлкө аймагында жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу кыргыз гидрометтин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
28-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы өзгөрүлмөлүү болуп турат.
“Бул күндөрү алыскы жолго чыккан айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн алмаштырып, чынжырчалар, күрөк менен камсыз болуңуздар. Эгерде жол тайгак болсо, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл”, -деп кайрылат ӨКМ.
Ссылка: https://barometr.kg/28-29-oktyabrda-lk-ajmagynda-zhaan-zhaap-karga-ajlanat
Добавить комментарий ×