27 жаштагы жигит таштанды түтүгүнө кыпчылып калды

20 май 2019 13:50 1697 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын Каракол шаарында 27 жаштагы жигит көп кабаттуу турак үйдүн таштанды таштоочу түтүгүнө кыпчылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 23:45 чамасында 1992-жылы туулган жигит №105 көп кабаттуу турак үйдүн таштанды таштоочу түтүгүнө кыпчылып калган.

"ӨКМнин №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жабыркаган жаранды чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/27-zhashtagy-zhigit-tashtandy-ttgn-kypchylyp-kaldy



Добавить комментарий