25-мартта коронавирус табылган эки бейтап канча киши менен байланышта болгону аныкталды

26 март 2020 09:36 1166 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-мартта коронавирус табылган эки бейтаптын бирөөсү 5 киши менен, экинчиси 6 киши менен байланышта болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле, 5-февралдан 26-мартка чейин коронавируска карата 2940 адамдан тест алынып, анын ичинен 44 учурунда вирус тастыкталган.

Андан сырткары оору жуккан кишилер менен 1328 карым-катнашта болгону аныкталган. Алардын 363ү үй бүлө мүчөлөрү. Калгандары туугандары, кошуналары жана башка кишилер.

26-мартка карата Кыргызстан боюнча 44 учур аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/25-martta-koronavirus-tabylgan-eki-bejtap-kancha-kishi-menen-bajlanyshta-bolgonu-anyktaldy



Добавить комментарий