Аксынын Катраңкы айылындагы каналга түшүп кеткен 11 жаштагы өспүрүм табылбай жатат
Бөлүшүү:
Аксы районунда 23-апрелде саат 17:20 чамасында Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Издөө ишин жүргүзүү үчүн Аксы райондук №30 АӨКБдан 5 куткаруучу, Аксы райондук ӨКБнөн 4 офицер жана РӨКО №2 ӨИКОнан 5 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Издөө иштери улантылууда.
Добавить комментарий ×