22-сентябрь: Күндүз абанын температурасы +30 градуска ысыйт

21 сентябрь 2021 15:26 603 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 22-сентябрда Кыргызстандын басымдуу аймагында күн ачык болот, болгону айрым аймактарда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Күндүз Ысык-Көл областынын айрым райондорунда, Чүй жана Ош областынын бийик тоолук аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй областында:

Түнкүсүн +5…+10

Күндүз +22…+27

Талас областында

Түнкүсүн  +4…+9

Күндүз  +20…+25

Баткен областында

Түнкүсүн +10…+15

Күндүз  +25…+30

Ош жана Жалал-Абал областтарында

Түнкүсүн  +10…+15

Күндүз   +20…+30

Ысык-Көл областында  

Түнкүсүн +6…+11

Күндүз +20…+25

Нарын областында

Түнкүсүн  +2…+7

Күндүз  +20…+25  ысык болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +8…+10 күндүз +24…+26 градуска ысыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/22-sentyabr-kndz-abanyn-temperaturasy-30-graduska-ysyjt



Добавить комментарий