22-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жайт
22-октябрда Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +12-17°
Талас облусунда +12-17°
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +17-22°
Ысык-Көл облусунда +11-16°
Нарын облусунда +11-16°
Бишкекте түштөн кийин бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +15-17° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/22-oktyabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhajt
Добавить комментарий ×