22-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жайт

22 октября 2020 09:17 858 Barometr
Поделиться в:
ok

22-октябрда Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +12-17°

Талас облусунда +12-17°

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +17-22°

Ысык-Көл облусунда +11-16°

Нарын облусунда  +11-16°

Бишкекте түштөн кийин бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +15-17° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/22-oktyabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhajt



Добавить комментарий