21-октябрь: Тоолуу аймактарга кар түшөт

21 октябрь 2021 09:58 1301 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 21-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Нарын областарында жамгыр жаап, Чүй, Ош, Баткен областарынын тоолуу аймактарына кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Чүй, Ош, Баткен жана Ысык-Көл областынын дайканчылык аймактарында жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында, Ысык-Көл, Нарын областтарынын айрым райондордунда жаан жаап, тоолого кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, айрым жерлерден секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй областында

түнкүсүн +3…+8

күндүз +15…+20

Талас областында

түнкүсүн +1…+6

күндүз +14…+19

Баткен областында

түнкүсүн +6…+11

күндүз +18…+23

Ош, Жалал-Абад областында

түнкүсүн +6…+11

күндүз +18…+23

Ысык-Көл областында

түнкүсүн +1…+6

күндүз +13…+18

Нарын областында

түнкүсүн -2…+3

күндүз +14…+19

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7 градус, күндүз +17…+19 градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/21-oktyabrtooluu-ajmaktarga-kar-tsht



Добавить комментарий