Апта аягында суук болот. Бир жумага карата аба ырайы
21-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
22-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондоруна кар түшөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
23-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир тоолуу райондорго кар түшүп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейн жетиши күтүлөт.
24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлө. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
25-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
26-27-январда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 26-январда жана 27-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 27-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Добавить комментарий ×