2020-жылы дүйнөнүн эң таасирлүү адамдарынын катарына орус лидери Путин кирбей калды

23 сентябрь 2020 18:15 1224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Time басылмасы  2020-жылга карата дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 адамдын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Time басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Алар "Титандар", "Новаторлор", "Сүрөтчүлөр", "Лидерлер" жана "Айдолдар" категорияларына бөлүнүштү. 

Быйыл бир дагы категорияда орусиялыктар көрсөтүлгөн жок. Буга чейин америкалык журнал Владимир Путинди бир нече жолу эң таасирлүү адамдардын тизмесине киргизген.

Быйылкы жылы "Лидерлердин" катарына - АКШнын Улуттук Аллергиялык жана Жугуштуу оорулар институтунун директору Энтони Фаучи, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Геребесус, АКШ президенти Дональд Трамп жана анын алдыдагы шайлоодогу атаандашы Джо Байден, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Бразилиянын президенти Джаир Болсонаро, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Камала Харрис, Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жана Париждин мэри Анн Идальго кирди.

"Титандардын" катарына - Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичай, Кытайдын алдыңкы эпидемиологу Чжун Наншан, дүйнөдөгү эң бай адамдын экс-аялы Джефф Безос Маккензи Скотт, АКШнын Федералдык резервдик системасынын башчысы Джером Пауэлл, Формула-1дин алты жолку чемпиону Льюис Хэмилтон жана башкалар кирди.

“Новаторлор” категориясына ырчы Megan Thee Stallion, НАСАнын астронавттары Джессика Мейр жана Кристина Кук, Ухан вирусология институтунун алдыңкы вирусологдорунун бири Ши Чжэнли жана башкалар киришти.

"Сүрөтчүлөрдүн" катарына ырчы Селена Гомес, актерлор Фиби Уоллер-Бридж жана Майкл Бакари Джордан, түштүк кореялык режиссер Бонг Джун Хо жана виолончелист Йо Йо Ма кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyly-djnnn-e-taasirl-adamynyn-kataryna-orus-lideri-putin-kirbej-kaldy



Добавить комментарий