7-апрелге карата 94 жаран коменданттык саат режимин бузду

7 апрель 2020 10:18 1081 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчун ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 94 жаран жеткирилип, 22 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча - 80,
• Ош шаары боюнча - 5,
• Жалал-Абад шаары - 3,
• Сузак районунда - 1,
• Кара-Суу районунда- 5 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан башта бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2038 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-7-apreline-karata-94-zharan-zhetkirilip-22-avtounaa-atajyn-zhajlarga-toktotuldu



Добавить комментарий