ИИМде иштеген кыз-келиндер аялдардын эл аралык күнүнө карата спорттон күч сынашты
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында Аялдардын эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Ички коопсуздук кызматында Колбашчы тарабынан бекитилген негизги иш-чаралардын негизинде аскер бөлүктөрүндө аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.
2020-жылдын 5-мартында 702-аскер бөлүгүнүн спорттук залында Бишкек гарнизонунун аскер бөлүгүндөгү аскер аялдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр сыйланды.
2020-жылдын 6-март күнү аскерлер колбашчылыгынын клубунда аскер айымдардын катышуусунда салтанаттуу чогулуш болуп, куттуктоолор документалдуу кинонун коштоосунда башталды.
Аскер айымдарын келе жаткан майрамы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекулов куттуктады. Залдагы баардык катышуучуларга кайрылып, ал өлкөнүн коомдук жана маданий турмушунда, аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүндө аялдын ролун өзгөчө белгилеп, салтанаттуу шартта погончон айымдарга түзүмдүк медалдарды, Ардак грамоталарды, баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чара 702 аскер бөлүгүнүн чыгармачыл тобунун жана аскер оркестринин, атамекендик ырчылардын коштоосунда өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-6-mart-kn-askerler-kolbashchylygy-kyzmatker-ajymdardy-kuttuktashty
Добавить комментарий ×