Республика аймагында жаан жаашы күтүлүүдө

4 июнь 2020 10:17 888 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 4-июнда Республика аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-4-iyunda-mezgil-mezgili-menen-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий