Апрелдин аягында, май айынын башында өлкө боюнча аба ырайы кандай болот?
28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдеринде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 28-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын болот. 29-30-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
29-апреллен 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат.
28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
29-30-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-майда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат
28-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 29-апрелде күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
30-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
29-апрелде күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
29-апрелде күндүз жана 30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтулбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-29-aprelinen-3-majga-chejin-ktlp-zhatkan-nshrl-zhaan-chachyn-zhnnd
Добавить комментарий ×