Март айынын башында аба ырайы кандай болот?

2 март 2020 09:55 933 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2-марттан 4-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга ошондой эле, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү пайда болуп, кар көчкү түшөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу участкасы), 63-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымыдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-2-martynan-4-martyna-chejin-zhaan-chachyn-ktlt



Добавить комментарий