15-апрелде республиканын аймагында жаан чачын болуп өтөт
Бөлүшүү:
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоо этектеринде жамгып карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-15-aprel-kn-respublikanyn-ajmagynda-zhaan-chachyn-bolup-tt
Добавить комментарий ×