Апрелдин башында тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат
1-апрелден 3-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-1-aprelinen-3-apreline-chejin-zhaan-chachyn-bolot
Добавить комментарий ×