2019-жылы "балага сүйүнчүнү" 161,8 миң адам алган
2019-жылы-жылы өкмөт үй-бүлөнүн жана балдардын абалын жакшыртуу боюнча бардык зарыл болгон иш-чараларды ырааттуу ишке ашырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2019-жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө үч, же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» дайындалган.
"2019-жылдан бүгүнкү күнгө дейре 6 үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөкпул берилген, бул максатта республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле 2019-жылы бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду (4000 сом өлчөмүндө) – 161,8 миң адам, ал эми 2018-жылы 90,9 миң адам алган. 2019-жылдын июль айынан тартып «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун «бирдиктүү терезе» принциби боюнча берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми ишке киргизилди. Мында арыз ээлери кайрылган жерине карабастан төлөмдү банктын каалаган филиалынан ала алат", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-balaga-sjnch-bir-zholku-zhlkpulun-1618-mi-adam-algan
Добавить комментарий ×