2019-жылы 6,5 миң ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан
Былтыр Кыргызстан боюнча 6,5 миң ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, былтыр бир жашка чыга элек балдарын эмдетпеген ата-энелердин саны 4,1 миңден ашкан.
Ал ошондой эле, балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны жыл санап өсүп жатканын белгиледи. Мындай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги муфтият менен бирге иш алып барууда. Өз кезегинде муфтияттын өкүлдөрү динди катуу карманган жарандар арасында эмдетүүнүн маанилүүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.
“Вакцинанын сапаты дайыма көзөмөлдө турат. Алар негизинен Индия жана Россиядан алынат”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-65-mi-ata-ene-baldaryn-emdetdn-bash-tartkan
Добавить комментарий ×