Кыргызстандагы дарыялардын деңгээли көтөрүлүүдө. Алар кайсылар?
25-апрелге карата маалымат боюнча Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли (1-11смге) көтөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жыргалаң, Каракол, Чоң Ак-Суу, Жети-Өгүз, Чоң Кемин, Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук, Кара-Балта, Чоң Кайынды, Талас, Беш-Таш, Күмүш-Тоо, Нарын, Узун-Акмат, Чычкан, Падыша-Ата, Яссы, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай дарыялары, Чүй (баш дагы), Кичи-Нарын, Тар, Кара-Кулжа дарыяларында (14-31смге) көтөрүлдү. Ал эми калган дарыяларда суунун деңгээли төмөндөдү, кээ биринде өзгөрүлгөн жок.
Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун агымы көп жылдык байкоолордун чегинде байкалды. Жогорку ченемдеги агым Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Ала-Арча, Сокулук, Кара-Балта, Чоң-Кайынды, Талас (Үч-Кошой),Беш-Таш, Күркүрөө-Суу, Нарын (баш жагы), Узун-Акмат жана Афлатун дарыяларында (124-242%да) байкалды. Төмөнкү ченеминдеги агым Кегети, Күмүш-Тоо, Көгарт, Ак-Буура, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай жана Кара-Дарыя бассейининдеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларда (38-78%да) байкалды.
Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормага салыштырмалуу Орто-Токой - 106%, Киров -25%, Токтогул - 109% ченемди түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/20020-zhyldyn-25-apreline-karata-gidrologiyalyk-obzor
Добавить комментарий ×