20 жаштагы жигитти ичке сайган Кеминдин тургуну кармалды

16 апрель 2019 12:24 1377 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кемин районундук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жаш жигитке бычак сайган шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.  

11-апрелде Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 19-20 жаштардагы жаш жигит бычактан жаракат алып түшкөнү тууралуу маалымат келген.

ИИБдин ыкчам-иликтөө тобу жабырлануучунун ким экенин тактады. Ал 20 жаштагы жергиликтүү тургун К. А. болуп чыкты.10-апрель күнү шериги менен чатакташа кетип аны ичке сайышкан.

Бул ишке шектүү делип Чүй областынын тургуну А. М. кармалды жана камакка алынды.

Тергөө уланууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/20-zhashtagy-zhigitti-ichke-sajgan-kemindin-turgunu-karmaldy



Добавить комментарий