Екатеринбургдан 20 жаштагы кыргызстандык көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштап каза болду
Рооссиянын Екатеринбург шаарынан, 7-декабрь күнү, көп кабаттуу үйдөн боюн таштап жиберген кыргызстандык 20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу “Вечерние ведомости” басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык окуя, Седов көчөсүндөгү N 53 үйүндө болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандык жигит 16 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен.
Анын Екатеринбург шаарына келип иштегенине бир жыл болгон. Би тууган агасы менен Седов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жашап жаткан. Кыргызстандык жигит өз жанын кыйардан бир нече саат мурда туугандарына аларды жакшы көрөрүн билдирген смс жөнөткөн. Ошону менен катары эле, көптөн бери көрүшө албай жүргөн сүйлөшкөн кызына да смс жазып, аны жакшы көрөрүн билдирген.
Добавить комментарий ×