20-апрель: күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт
20-апрелде аба ырайы өзгөрөт. 20-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.
Абанын температурасы төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13 күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
20-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 15…17 градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/20-aprel-kndz-mezgil-mezgili-menen-zhamgyr-zhaajt
Добавить комментарий ×