19-апрелде Кыргызстанда күн ачык болот
Бөлүшүү:
19-апрелде Кыргызстандын бардык аймактарында күн ачык болот. Бир гана Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +18…+23°;
Талас облусунда +16…+21°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +20…+25°;
Ысык-Көл облусунда +12…+17°;
Нарын облусунда +12…+17° жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +21…+23° жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/19-aprelde-kyrgyzstanda-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×